Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 5-октябры №199/28-8

Талас шаарынын мэриясынын атайын техникаларды сатып алуу боюнча долбоорлордун өтүнмөсүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобосунун 5-главасынын 49-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 02.10.2023-жылдагы №01-19/2631 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Талас шаарынын мэриясынын Талас шаардык “Таза Суу” муниципалдык ишканасына “Эксковатор” жана “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасына “Жүктөөчү-эксковатор” атайын техникаларын сатып алуу боюнча долбоорлордун өтүнмөлөрү 1-2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2.  Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.

 

Төрага

К.Джаныбеков