ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 5-октябры №200/28-8
Талас шаарынын мэриясынын Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржыланган долбоорлорунун аткарылышы жана 2024-жылга карата тандалган долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2023-жылга карата иш планы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 сандуу токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” жобосунун 4-пунктунун 24-пунктчасына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 21.08.2023-жылдагы №01-19/2186 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун карап, талкуулап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорду мөөнөтүнөн кечиктирбей тандоо жана долбоордук документтик сметаларын даярдоону тездетүү максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын мэриясына (Э.Джумаев) дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен 2023-жылга карата каржыланган долбоорлорду өз убагында курулуш нормаларын сактоо менен сапаттуу бүткөрүүнү көзөмөлгө алуу, 2024-жылга карата долбоорлорду жобого ылайык тандоо жана долбоордук сметалык документтерин мөөнөтүнөн кечиктирбей сунуштоо жагы милдеттендирилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |