Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 5-октябры №201/28-8

Жергиликтүү бюджеттен каржыланган долбоорлорду көзөмөлгө алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын иш планынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин үнөмдөө жана туура пайдалануу максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча (К.Жумабеков) жана “Талас жашыл чарба” (М.Айылчиев) муниципалдык ишканаларына 2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган долбоорлордун аткарылышы “канаттандыраарлык” деп табылсын жана долбоорлордун аткаруу мөөнөтүнө, бүткөрүлгөн иштердин сапаттуулугуна көзөмөлдүк жылдын жыйынтыгында белгиленсин.

2.  Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.

 

Төрага

К.Джаныбеков