ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 5-октябры №202/28-8
Талас шаардык маданият жана туризм бөлүмүнүн жана А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн 21.08.2023-жылдын №01-5/41 жана Талас шаардык А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин 01.09.2023-жылдын №01-2/3 чыгыш сандуу маалыматтары жана “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык маданият жана туризм бөлүмүнүн жана А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жалпы ишмердүүлүгү “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Т.Жумабеков) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |