Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 5-октябры №204/28-8

Талас жылуулук менен камсыздоо, Талас шаардык электр тармактар ишканасынын жана Талас райондук, шаардык билим берүү тармагынын 2023-2024- жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата жалпы даярдыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планынын негизинде, “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, шаардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыкты толук кандуу камсыздоо максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Талас жылуулук менен камсыздоо, Талас шаардык электр тармактар ишканасынын жана Талас райондук, шаардык билим берүү тармагынын 2023-2024- жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата жалпы даярдыктары “канаттандыраарлык” деп табылсын.

2.  Талас райондук, шаардык билим берүү тармагынын 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата толук кандуу даярдыкка келтирүү максатында төмөндөгүлөр сунушталсын:

 -  Шаардык билим берүү бөлүмүнүн күз-кыш мезгилдеринде айрым мектеп, бала бакчаларынын жылуулуксуз калуу коркунучун алдын алуу үчүн тез арада жылуулук берүү системаларын ондоп түзөө жана зарыл керектүү тетиктер менен кымсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттин 9 айынын жыйынтыгы менен каржылоо жагы белгиленсин.

 -  Мектеп, бала бакчаларды электр энергиясы же Талас жылуулук менен камсыздоо ишканасынын тутумуна кошуп жылытууда алардын жогорку тарифтик төлөмдөрүн эске алуу менен жылына бирден кем эмес мектепке чейинки билим берүү мекемесин жана орто мектепти алтернативдик негизде көмүр отунуна өткөрүү жагы белгиленсин жана билим берүү бөлүмүнө бир инженер штатын ачуу жагы Талас шаарынын мэриясына сунушталсын.

3.  Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

4.  Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (А.Кушубеков) тапшырылсын.

 

Төрага

К.Джаныбеков