Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 5-октябры №205/28-8

Талас регионалдык Архитектура башкармалыгынын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын иш планынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Талас регионалдык архитектура башкармалыгынын жалпы ишмердүүлүгү “канаттандыраарлык” деп табылсын.

2.  Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (А.Кушубеков) тапшырылсын.

 

Төрага

К.Джаныбеков