Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 5-октябры №207/28-8

Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин ишмердүүлүгү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин 23.05.2023-жылдын №01-4/13 чыгыш сандуу маалыматын жана Талас шаардык кенешинин “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ К ЫЛАТ:

 

1.  Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин (Т.Сейтказиев) жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматы эске алынсын жана жыл жыйынтыгына чейин төмөндөгү орун алган кемчиликтерди четтетүү жагы милдеттендирилсин.

 -  Талас шаарында спорт мектептер арасында реформалык иш аракеттерге ылайык, Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектеби “Газпром” спорт мектебине көчүрүлгөндө өткөрүп алуу боюнча Талас шаарынын мэриясынын буйругу аткарылбай, мекемени кабыл алуу актысы түзүлбөгөндүгү белгиленсин.

 -  Спорт мектебинде чарбасыздыкты жоюу, спорт инвентарлардын санын тактоо жана баланска алуу, штаттан тышкаркы спорт секциялары, машыктыруучулардын келишимдери жана Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу жүргүзүлгөн ижара акылары такталсын.

2.  Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Тургунбеков) тапшырылсын.

 

Төрага

К.Джаныбеков