Редакцияот 21.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV  сессиясы

2023-жылдын 21-сентябры № 25/1

Жошолу айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча башкы адисинин бир жылдык маалыматы жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча башкы адиси К.Төлөнбай уулунун маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1.      Жошолу айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыймдар боюнча башкы адисинин 2023-жылдын 3 кварталына карата аткарган иштеринин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

2.        Салык төлөмдөрүн аткарууда 2023-жылга берилген жылдык планды толук толтуруу жагы, ошондой эле кошумча булактарын издеп табууну жана көбөйтүүнү салыктар жана жыйымдар боюнча башкы адиси К.Төлөнбай уулуна милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Ж.Орозбай уулуна милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Танаев.