Редакцияот 21.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

2023-жылдын 21-сентябры № 25/2

Айыл өкмөттүн ветеринардык адисинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө

 Калкка ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу жана жугушсуз оорулардын алдын алуу иштеринин абалын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32,33-беренесине таянып Жошолу айылдык кеңеши токтом кылат :

1.   Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча айыл өкмөттүнүн ветеринардык адиси С.Алымкуловдун бир катар жумуштарынын аткарылгандыгы менен канааттандырарлык деп белгиленсин .

2.  Вет.адиске ,айыл башчыларга :

 

  - Айыл чарба малдарын ветеринардык көзөмөлгө алуу, жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөрдү өз мөөнөтүндө жүргүзүү;

  - Кара мал , жылкы , кой –эчкилерге өз убагында бирка басуу жана чип басуу иштери колго алынсын.

3.     Өлгөн малды көмүүчү чуңкурча жана жандыктарды жуундуручу морчо куруу боюнча жер аянты такталып , ага кетүүчү акча каражатынын сметасы бир жумада даярдалсын.

4.   Жошолу айыл аймагындагы жолбун иттерди атуу иштери тез арада колго алынсын

5.   Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн вет.адиси С.Алымкуловго милдеттендирилсин  ,  ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага :

А.Танаев.