ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2023-жылдын 21-сентябры № 25/6
Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылынын тургуну Абдыкадырова Гүлжамалга айыл өкмөттүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылынын тургуну Абдыкадырова Гүлжамалга айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Миязды айылынын 2023-жылдын 15 - сентябрындагы элдик жыйынынын № 2 протоколунун негизинде Жошолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Миязды айылынын 2023-жылдын 5 - сентябрындагы элдик жыйынынын № протоколунун негизинде айылдык кеңештин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жактан өнүүгүшүнө жана маданият тармагына кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкадырова Гүлжамалга Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу » наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Танаев. |