ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 26/1
“Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыгын аткарууга алуу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Жошолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жошолу жана Корул айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан , Осоавиахим , Миязды , Жаңы-Турмуш , Кара-Токту , Ленин-Жол, Коммунизм , Биринчи-Май , Тогуз-Булак , Кен-Жылга, Арал аймактарын бириктирүү меселеси колдоого алынсын.
2. Бирикккен айыл аймактары Тилектеш айыл аймагы деп аталсын .
3. Бириккен Тилектеш айыл аймагынын борбору Жаны-Турмуш айылында жайгашсын.
4. Бул токтом рамий түрдө rayke.kg сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигинин Ош облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу-укуктук меселелер жана мамлекеттик бийлик , өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Танаев. |