ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 26/2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ № 215 Жарлыгын аткаруу максатында Жошолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 – августундагы № 215 “ Элдик курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде Жошолу айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 18-ноябрында Жошолу айыл өкмөтүнүн жыйындар залында саат 10:00дө Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүлсүн.
2. Жошолу айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтор түзүлсүн (тиркеме тиркелет №1).
3. Жошолу айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүү, жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттардын тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды/жыйналыштарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кенешинин депутаттарынын тизмеси бекитилсин (№ 2 тиркеме тиркелет).
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ № 215 Жарлыгы боюнча айыл тургундарына кабарлоо жана ушул аймакта туулуп өскөн, айыл аймактын өнүгүүсүнө кызыкдар болгон активдүү жарандарга жекече маалымдоону жеткирүү жагы жумушчу топтун курамына милдеттендирилсин.
5. Өкүлчүлүктүү жыйында Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуупротоколдорду жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине 2023-жылдын 24-ноябрына чейин тапшыруу жумушчу топко жүктөлсүн.
6. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарга чакыруу жана өткөрүү боюнча ар тараптан көмөк көрсөтүү Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулуна, ал эми иш кагаздарын алып баруу жооптуу катчы Ж.Зикировго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Танаев. |
Жошолу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 26/2 токтомунун № 1 тиркемеси. |
Жошолу айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча
өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун
курамы.
1. | А.Танаев | - айылдык кеңештин төрагасы-комиссиянын төрагасы. |
|
|
|
2. | Ж.Зикиров | - комиссиянын катчысы. |
Мүчөлөрү :
| ||
3. | Б.Болушова | - Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы. |
4. | А.Иманахунов | - Аксакалдар кеңешинин төрагасы . |
5. | Э.Мантиева | - Айылдык кеңешинин депутаты . |
6. | Н.Култаева | - Айылдык кеңештин депутаты. |
7. | Ш.Тыныбеков | - Айылдык кеңештин депутаты. |
8. | Т.Матаев | - Аюу-Тапан айлынын айыл башчысы. |
9. | С.Аскарбеков | - Осоавиахим айылынын айыл башчысы. |
10. | Н. Кыдыров | - Миязды айылынын айыл башчысы. |
11. | К.Калыков | - Жаңы-Турмуш айылынын айыл башчысы. |
12. | М.Арзиматов | - Ленин-Жол айылынын айыл башчысы. |
13. | Бектемир уулу Д | - Коммунизм айылынын айыл башчысы. |
Жооптуу катчы | Ж.Зикиров. |
Жошолу айылдык кеңеши тарабынан Элдик курултайдын делегаттарын
жер-жерлерде шайлоо боюнча иш-чаралар графиги (№ 2 тиркеме)
| Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери | Адамдын саны | Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны (квотага ылайык) | Өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү жери | Өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү датасы, убактысы (графиги) | Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси |
1 | Аюу-Тапан | 1696 | 11 | Аюу-Тапан айылынын Козу-Ажы мечити | 16.10.2023-ж 11:00 | Ш.Турганбаев Курманбек уулу Эламан Маматкабыл уулу Улукман
|
2 | Осоавиахим айылы | 1625 | 11 | Гердегей балдар бакчасы | 19.10.2023-ж 11:00 | А.Муңайбасова Н.Култаева З.Боронов |
3 | Миязды айылы | 704 | 5 | Кичи футбол аянтчасы | 19.10.2023-ж 11:00 | Н.Кебекбаев К.Матабаров |
4 | Жаны-Турмуш айылы | 1250 | 9 | Маданият үйү | 17.10.2023-ж 10:00 | А.Бакаева . Э.Мантыева М.Сапарбаева |
5 | Ленин-Жол айылы | 1117 | 7 | Спорт комплекси | 18.10.2023-ж 11:00 | Ш.Тыныбеков А.Максутова |
6 | Коммунизм айылы | 1052 | 7 | Эмкананын алды | 18.10.2023-ж 11:00 | А.Осмонова А.Танаев |
| жалпы | 7444 | 50 | - | - | - |
Жооптуу катчы | Ж.Зикиров. |