АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезексиз жыйырма биринчи сессиясы
2023-жылдын 22-сентябры № 115
Айрыбаз айыл аймагын , Майдан айыл аймагы менен бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында , Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “ Жергиликтүү мамилекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык жана Айрыбаз айыл аймагын , Майдан айыл аймагы менен бириктирүүнү айылдык кеңеш карап талкуулап чыгып төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айыл аймагын , Майдан айыл аймагы менен бириктирүүгө макулдук берилсин.
2. Айрыбаз айыл аймагын , Майдан айыл аймагы менен бириктирүүнү Кадамжай районунун администациясына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын жана тийешелүү маалыматтарды тактоо айыл Өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Айрыбаз айылынын айылдык кеңешинин төрайымы; |
А.Салиева |