Редакцияот 07.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жыл 5-августундагы № 80/XXVIV-24

 

“Айыл чарба багытындагы жерлерин”, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка багыттагы жерлер” категориясына кайра ЖЭБ (күн батареяларын орнотуу) которуу (трансформациялоо) жөнүндө”

 

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча райондук комиссиянын протоколунун жана “Айыл чарба” категориясынан жайыт жерлеринен башка категориясына “Өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика жана башка багыттагы жерлерге” кайра ЖЭБ (кун батареяларын орнотуу) которуу материалдарынын негизинде “Жель-Аргы” коктусунан контур №1166/135,7га анын ичинен 74,0га, контур 1146/147,9га анын ичинен 48,0га жалпы аянты 122га жерин карап жана талкуулап;

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын башчысы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына “Айыл чарба” категориясынын жайыт жерлеринен башка категориясына “Өнөр жай, транспортук, коммуникация, энергетика жана башка  багыттагы жерлер” категориясына кайра ЖЭБ жаралуучу энергия булактары (күн батареяларын орнотуу), “Жел-Аргы” коктусунан контур 1166/135,7га анын ичинен 74,0га, контур 1146/147,9га анын ичинен 48,0га которуу (трансформациялоо) өтүнүчү менен кайрылсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Асанов Т.А. жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Э.М. Кочоров