Редакцияот 25.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 22- сессиясы 

 

2023-жылдын 25-июлундагы № 22-3

 

Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан Коргоо-спорттук-техникалык уюмунун ижара акысын көтөрүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевдин 2023-жылдын 24-июлундагы №268 сандуу катына негиз, Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан Коргоо-спорттук-техникалык уюмунун ижара акысын көтөрүү максатында, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевдин 2023-жылдын 24-июлундагы №268 сандуу катына негиз, Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан Коргоо-спорттук-техникалык уюмунун ижара акысын 5500 (беш мин беш жүз) сомго көтөрүлсүн.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Р.Арапов