НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2023-жылдын 03-августу № XX-3
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К. Крупская атындагы орто мектебинде (5-кл.) лицей-гимназия классын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К Крупская атындагы орто мектебинде (5-кл) лицей-гимназия классын ачууга макулдук берүү жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген корутундусунун негизинде угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К Крупская атындагы орто мектебинде (5-кл) лицей-гимназия классын ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Мадмаров |