Редакцияот 03.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2023-жылдын 03-августу № XX-8

 

Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдыгына жана тунгуч премьер-министр Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата өткөрүлүүчү салтанатка керектелүүчү акча каражаты жөнүндө

Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдыгына жана тунгуч премьер-министр Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата өткөрүлүүчү салтанатка керектелүүчү акча каражаты жөнүндөгү маселени Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы ПЖ №30 Указына ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдыгына жана тунгуч премьер-министр Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата өткөрүлүүчү салтанатка керектелүүчү акча каражаты үнөмдөлгөн акча каражаты эсебинен 708 бөлүмдүн ар түрдүү чыгымдардын 2215-беренесине 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэрине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты. Т.Р.Маманазаровко тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Б.Мадмаров