Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XIII сессиясынын жыйынынын

 

2023-жылдын 27-июлундагы № 13/4

 

Ылай-Талаа айыл аймагындагы огород жана үлүш жерлерге сугат сууну пайдалануу акысын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 2-главасынын 25 – беренесинин 3 – “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша дифференциялоо” жөнүндөгү беренесине жана айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.4-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагындагы огород жана үлүш жерлерге сугат сууну пайдалануу акысын бекитип берүү боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Жунусовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы огород жана үлүш жерлерге сугат сууну жеткиликтүү камсыз кылуу менен анын жылдык пайдалануу акысы төмөндөгүдөй баада бекитилсин:

- тамарка алды үй огороддору үчүн – 100 сом;

- үлүш жерлерге 1 га жер аянтына – 500 сом.

 

2. Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундардын үлүш жерлерине ички арыктарды жаңылап тарттырып сугат суу менен камсыз кылууну уюштуруу жана тургундардан сугат суу акыларын жыйноодо Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгына көмөктөшүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Кадамбаева