КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 31-июлу № 2
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2023 –жылдын 6-айлык жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун кароо жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Азимов,каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Маматовдун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 6-айлык жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту тууралуу берген маалымат-билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиянын талкуусун эске алып, Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 6-айлык берген отчетту боюнча бекитилген жумуштардын көп бөлүгү аткарылбай тургандыгына байланыштуу 1-айлык мөөнөт берилсин;
2. 1-ай ичинде токтоп калган жумуштарды бүткөрүү,улантуу жана атайын тийешелүү текшерүүчү органдар менен биргеликте мыйзам чегинде иш алып баруу,отчетту айылдык кеңешке берүү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;
3. Аталган токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын;
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.М.Нышанов |