Редакцияот 31.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 31-июлу № 4

Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамынын 21-беренесине ылайык жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчынын убактылуу милдетин аткаруучу Ш.Сайназарованын маалымат-билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиянын талкуусун эске алып, Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.   Көк-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин;

 

2.  Көк-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставында көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын;

 

3.  Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын;

 

4.  Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;

 

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.М.Нышанов