Редакцияот 09.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

2023-жылдын 9-августу № 1

Сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу жөнүндө

2023-жылдын 7-август күнү нөшөрлүү жааган жаандан улам айылдык аймагыбыздын Чоң-Сай айылынын Парзыбек-Сай участкасында жана Жалгыз-Өрүк айылынын айрым участкаларындада сел жүргөн.Сел кесепеттерин жоюу боюнча тийешелүү жерлерди карап чыгып, Көк-Таш айыл өкмөт башчынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Жуманазарованын жана башка кызматкелердин маалыматын угуп, талкуулап Көк-Таш айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Көк-Таш айыл аймагында нөшөрлүү жааган жаандын натыйжасындагы сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү боюнча иштер аткарууга алынсын ;

-70629 бөлүмүнүн 3111 статьясынан 5 200,0 (беш миллион эки жүз миң) сом акча каражатын 2721 статьясына жылдырууга макулдук берилсин;

 

2.  Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча атайын тийешелүү тараптардын корутундусунун негизинде, мыйзам чегинде иш алып баруу Көк-Таш айыл өкмөтүнө сунушталсын;

 

3.  Аталган токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын;

 

4.  Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин;

 

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин “Социалдык саясат, регламент, депутаттык этика, спорт жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана “Агрардык саясат,өзгөчө кырдаал,экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.М.Нышанов