Редакцияот 08.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 8-августу № 1

Өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө

  Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 8-августундагы кезектеги 12-сессиясы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовдун кайрылуусун угуп, талкуулап токтом кылат:

 

1.  Акназаров айыл аймагында таза суу көйгөйүн чечүү үчүн кошумча долбоорго 912 000 сом өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.

 

2.  Талас Өнүктүрүү фондунан таза суунун долбооруна колдоо көрсөтүү жагы суралсын.

 

3.  Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Б.Уметалиевага жүктөлсүн.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовго жүктөлсүн.

 

5.  Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Жорготаев