Редакцияот 08.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 8-августу № 2

Таштандыларды таштоочу жайга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 8-августундагы кезектеги 12-сессиясы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловдун кайрылуусун угуп, талкуулап токтом кылат:

 

1.Акназаров айыл өкмөтүнүн жайыт жеринде жайгашкан № 17 контурдагы 0,20 га жер аянты таштандыларды таштоо үчүн трансформация кылуу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

 

2.Аталган жер аянтын бөлүп берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж. Асылбековго жүктөлсүн.

 

3.Тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовго жүктөлсүн .

 

5.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Жорготаев