Редакцияот 16.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы

2022-жылдын 16-июну № 31

 

Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык  айылындагы Кароол-Дөбө участкасына  көрүстөн  куруу жөнүндө

 

Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына  көрүстөн  куруу үчүн  4,39  га  жер аянтын  “Айыл чарба  багытындагы жерлер”  категориясынан “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын, коргонуунун жерлери  жана  башка  багыттагы жерлер”  категориясына  которуу  жөнүндө Кыргыз  Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз  Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу  (трансформациялоо)  жөнүндө  № 145  мыйзамынын жана  2014-жылдын 19-марты №  169  “Жер  участокторун  которуу  (трансформациялоо)  тартиби”  жөнүндө  убактылуу  жобосунун  жана Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевдин  07.07.2022-жылдагы  № 01-19/313  билдирүү  катын  карап  жана  талкуулап, Жекенди  айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

        1.Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына  көрүстөн  куруу үчүн  4,39  га  жер аянтын  “Айыл чарба  багытындагы  жерлер”  категориясынан  “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын,  коргонуунун  жерлери  жана  башка багыттагы  жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү  Жекенди  айыл өкмөтүнүн  башчысынын  сунушу колдоого  алынсын.  

      2.Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына  көрүстөн  куруу үчүн  4,39  га  жер аянтын “Айыл чарба  багытындагы  жерлер”  категориясынан  “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын,  коргонуунун  жерлери  жана  башка багыттагы  жерлер” категориясына которууга  макулдук берилсин.

    3.Тийиштүү документтерди  даярдоо жагы  Жекенди  айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча  башкы  адиси  А.Маматовго   милдеттендирилсин.

   4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Эшов  Боронбайга тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов