Редакцияот 12.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы

2022-жылдын 12-августу № 32

Жекенди айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  2022-жылдын  6 ай  ичинде  аткарылышы  жөнүндө

 

Жекенди айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

     1.Жекенди айыл өкмөтүнүн   2022-жылдын 6 ай ичиндеги  жергиликтүү  бюджети кирешелер бөлүгү  7 631 100  (жети  миллион  алты жүз отуз бир миң жүз ) сомго пландаштырылып  аткарылганы  7 631 124     (жети  миллион  алты жүз отуз бир миң жүз жыйырма төрт) сомго,  чыгаша  бөлүгү  8 211 200 (сегиз миллион  эки жүз он бир миң эки жүз) сомго  пландаштырылып  6 972 649 (алты миллион тогуз жүз жетимиш эки миң  алты жүз  кырк  тогуз)  сомго  аткарылгандыгы жактырылсын.

 

   2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана  бюджет боюнча  комиссиясынын  төрагасы   Мурзапар уулу  Назириллаго жүктөлсүн,  аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Б.Нышанбаевге  жана  финансы-экономика бөлүмүнүн   башчысы  С.Маматовго милдеттендирилип.

 

   3. Ушул токтом  расмий  жарыяланууга  жатат.

 

Төрага

А.Абдукалилов