Редакцияот 24.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он алтынчы кезексиз сессиясы

2022-жылдын 24-ноябры  № 49

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин  24.11.2022- жылдагы  № 01-19/725  сандуу катын кароо жөнүндө

        Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Кара-Мык айылынын  тургуну   Баапов  Жылдызбектин   Кашат  участкасындагы турак-жай  куруу  үчүн  берилген  № 5-07-03-1002-0781  сандуу коду  менен  катталган 1500,0 м.кв  жер аянтынын  багытын өзгөртүп,  ресторан  салууга  уруксат  берүү  жөнүндөгү    Жекенди айыл  өкмөтүнүн   башчысы Б.Нышанбаевдин  24. 11. 2022-жылдагы   № 01-19/725  сандуу    катын  угуп  жана  талкуулап Жекенди айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

       1.Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Кара-Мык айылынын  тургуну   Баапов  Жылдызбектин   Кашат  участкасындагы турак-жай  куруу  үчүн  берилген  № 5-07-03-1002-0781  сандуу коду  менен  катталган 1500,0 м.кв  жер аянтынын  багытын өзгөртүп,  ресторан  салууга  уруксат  берилсин.

 

       2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү   жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча  башкы адиси  А.Маматовго милдеттендирилсин.

 

       3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   өнөр-жай, курулуш,  инвестиция жана  социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Тажакмат уулу  Имамидинге тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов