Редакцияот 09.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он учүнчү кезектеги сессиясы

2022-жылдын 9-декабры  № 51

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 01.12.2022- жылдагы № 01-19/745 сандуу катын кароо жөнүндө

 

        Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Шибээ айылынын  тургуну  Ташибеков  Абдишүкүр Гапаровичтин  №01-26/А-77 сандуу арызынын негизинде Чекенди-Талаа  участкасындагы  калктуу конуш жери    № 5-07-03-0010-0281  сандуу коду  менен  катталган 800,0 м.кв  жер аянтынын  ичинен  500 м.кв.  жер аянтынын  багытын өзгөртүп,  АЗС  салууга  уруксат  берүү  жөнүндөгү    Жекенди айыл  өкмөтүнүн   башчысы Б.Нышанбаевдин  01.12.2022-жылдагы  № 01-19/745 сандуу  катын  угуп  жана  талкуулап Жекенди айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

       1.Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Шибээ айылынын  тургуну   Ташибеков  Абдишүкүр Гапаровичтин  №01-26/А-77 сандуу арызынын негизинде Чекенди-Талаа  участкасындагы  калктуу конуш жери    № 5-07-03-0010-0281  сандуу коду  менен  катталган 800,0 м.кв  жер аянтынын  ичинен  500 м.кв.  жер аянтынын  багытын өзгөртүп,  АЗС  салууга  уруксат   берилсин.

 

       2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү   жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча  башкы адиси  А.Маматовго милдеттендирилсин.

 

       3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   өнөр-жай, курулуш,  инвестиция жана  социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Тажакмат уулу  Имамидинге тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов