АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2023-жылдын 5 –октябры № 22
Ак-Татыр айыл аймагынан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” №215 ПЖ Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 протоколдук чечимин аткаруу жөнүндөгү” №20-7344 протоколдук тапшырмасын, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун № 4 протоколун карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл аймагы Орто-Боз айылында Ж.Момунов мектебинин залында 2023-жылдын 18-ноябрында саат 14:00 гө өкүлчүлүктүү жыйын чакыртылсын. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышкандардын саны 50 (элүү)дөн ашбасын.
2 .Ак-Татыр айыл аймагынын үч айылынан, Ак-Татыр айылынан 26 (жыйырма алты), Орто-Боз айылынан 7 (жети) , Рават айылынан 17 (он жети) делегатка чейин шайланат.
3 Ак-Татыр айыл аймагынын үч айылында жыйындарды өткөрүү графиги 17- октябрда Орто-Боз айылында, 18-октябрда Рават айылында, 20-октябрда Ак-Татыр айылында өткөрүлөт.
4. Жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары.
1) Ак-Татыр айылынан чогулушту өткөрүүгө жооптуу Ашимова Манзура Мамасалиевна, жардамчылары Кулмурзаев Абдимажит Каразакович, Амирбек уулу Алтынбек.
2) Рават айылынан чогулушту өткөрүүгө жооптуу Жангиров Дурусбек Сейдахматович, жардамчылары Кудайкул уулу Касымбек, Дүйшөбай уулу Аскарбек.
3) Орто-Боз айылынан чогулушту өткөрүүгө жооптуу Исаков Анарбай Жалилович, жардамчысы Эшмурзаева Обидахан Эшанкуловна.
5. Ак-Татыр айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 15 (он беш) адамдан болуп 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 2023-жылдын 16-октябрынан баштап 22-октябрына чейин график боюнча 2-тиркемеге ылайык өткөрүлсүн.
7. Жумушчу топ жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынан кийин: Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү боюнча жамааттардын жыйындарынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн анкеталарын чогултуп жалпылоо 6-ноябрга чейин. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын тизмесин тактайт, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат 14-ноябрга чейин даярдайт.
8. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу жана керектүү документтерди даярдап берүү жумушчу топтун курамына милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырамын.
Төрага: Ысаков С.Б.
1-тиркеме
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин
VI чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
№ 22 токтомуна тиркеме.
Ак-Татыр айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы.
к/№ |
Ф.А.А |
Кызматы |
1 | Ысаков Санжарбек (А/Кеңештин торагасы) | Төрөга |
2 | Өмүров Максатбек (А/Кеңештин катчысы) | Катчысы |
3 | Мурзакулов Хамзидин (таза суу жетекчиси) | мүчөсү |
4 | Жамалов Нарзилла (жайыт комитетинин төрагасы) | мүчөсү |
5 | Айтемиров Айжигит (Ак-Татыр айыл башчысы) | мүчөсү |
6 | Турдуев Бакыт (Рават айыл башчысы) | мүчөсү |
7 | Мазеитов Митал (Орто-Боз айыл башчысы) | мүчөсү |
8 | Мажитова Максатай (А/Кеңештин депутатты) | мүчөсү |
9 | Рахманова Толгонай (А/Кеңештин депутатты) | мүчөсү |
10 | Шадыманова Бүбүпарида (А/Кеңештин депутатты) | мүчөсү |
11 | Нишанова Бактыгүл (А/Кеңештин депутатты) | мүчөсү |
12 | Шерматова Дилбархан (А/Кеңештин депутатты) | мүчөсү |
13 | Сарыгулова Аширгүл (А/Кеңештин депутатты) | мүчөсү |
14 | Бектемиров Элеман (А/Кеңештин төр-н орунбасар) | мүчөсү |
15 | Халмурзаев Жеңишбек (Орто-Боз айылынын тургуну) | мүчөсү |
Ак-Татыр айыл аймагынын
айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: М.Өмүров
2-тиркеме
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин
VI чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
№ 22 токтомуна тиркеме.
Ак-Татыр айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү боюнча чогулуштардын (жыйындардын)
ГРАФИГИ
№ |
Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегат тардын саны | Жооптуулар | |
күнү | сааты | |||||
1 |
Ак-Татыр айылы | 2023-жылдын 20-октябрда
|
10:00 |
4283 |
26 | Ашимова. М Кулмурзаев. А Амирбек уулу Алтынбек.
|
2 |
Рават айылы | 2023-жылдын 18-октябрда
|
10:00 |
2726 |
17 | Жангиров. Д Кудайкул уулу Касымбек, Дүйшөбай уулу Аскарбек |
3 |
Орто-Боз айылы | 2023-жылдын 17-октябрда
|
10:00 |
1136 |
7 | Исаков. А Эшмурзаева. О
|
|
Бардыгы: |
|
|
8145 |
50 |
|
Ак-Татыр айыл аймагынын
айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: М.Өмүров