Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2023-жылдын 5 –октябры № 23

 Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө    

Кыргыз  Республикасынын  “Жер  кодексине”  Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү”  мыйзамына  ылайык  Кыргыз  Республикасынын  2013-жылдын  15-июлундагы  “Жер  участокторун  которуштуруу (трансформациялоо)  жөнүндөгү”  мыйзамына ылайык, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы отурумунун №4 протоколун карап талкуулап чыгып  Ак-Татыр  айыл аймагынын айылдык кеңешинин  VI чакырылышынын  кезексиз V сессиясы 

 

Токтом кылат

1.    Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын чыгыш тарабынан Мамлекеттик  менчиктеги №2429-контурундагы  0,20  га жер аянты таштуу жайыт жер, “Айыл  чарба  багытындагы  жерлер”  категориясынан  “Өнөр жай,  транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу  жана  башка  багыттагы  жерлер”  категориясына  которуштурууга (трансформациялоо)  макулдук  берилсин.

 

2.  Ушул токтомдун  негизинде  тийиштүү  документтерди  толуктап  бүтүрүү жагы  Баткен райондук мамлекеттик администрациядан суралсын.

 

3.     Ушул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу Б.Турдуевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                 Ысаков С.Б.