Редакцияот 24.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 24-майы №22

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору аркылуу түшкөн акча каражаты жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбеков, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун негизинде бериле турган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 31-сессиясы токтом кылат:

 

1.Жергиликтүү бюджеттин башкаруу тармагынын атайын счетуна пландан тышкары “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору аркылуу түшүүчү 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты киреше бөлүгүнүн планына отургузулсун.

2.Кара-Суу айылынын А.Нуржигитов көчөсүнө жарыктандыруу орнотуу үчүн атайын счеттон 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.  Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы №12 токтомунун 22-пунктуна өзгөртүү киргизилсин. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору аркылуу келген айылдын ички көчөсүнө жарыктандыруу орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 92 400 (токсон эки миң төрт жүз) сом акча каражаты өздүк салым катары жумшалсын.

5.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Эсеналиева бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп берүү жагы милдеттендирилсин.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Биримкулов