КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 24-майы №24
Кара-Суу айылынын тургуну Көчөрбаева Назиранын №994 контурунда жайгашкан мыйзамсыз алынган 0,30 га жер үлүшүн айыл өкмөтүнө кайтарып берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Суу айылынын №994 контурунда жайгашкан мыйзамсыз алынган 0,30 га жер үлүшү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. №994 контурунда жайгашкан мыйзамсыз алынган 0,30 га жер үлүштүн гос актысын алып бүтүрүү жагы жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адис М.Эсеналиевге милдеттендирилсин.
3. Көчөрбаева Назиранын №994 контурунда жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 0,30 га жер үлүшү тоорукка берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Биримкулов |