КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 8-июну №27
Сарай курууга уруксат берүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Сырдыбаев Теңдик Нуржановичтин сарай салуу жөнүндө жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы токтом кылат:
1.Кара-Суу айылынын түштүк чыгыш тарабында жайгашкан №1770 - чөйрө сызыгында Жооштун оозунда жайгашкан жерден сарай салууга 1000,0 чарчы метр жер участогу убактылуу бөлүнүп берилсин.
2.Жер участогун бөлүп берүү жана куруулучу сарайдын ордун чектеп берүү керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинини Талас райондук филиалына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Биримкулов |