Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 26-июну №29

Балбандар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азиянын жаштар чемпионатында I-орунду алган Кара-Суу айылынын тургуну Муратбек уулу Уланга акчалай жардам көрсөтүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуу катын карап талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы токтом кылат:

 

1.Кара-Суу айылынын тургундарынын кайрылуу каты канааттандырылсын.

2.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн резервный фондусунан 10000 (он) миң сом акча каражаты берилсин.

3.Бөлүнгөн акча каражатын которуп, алып берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Эсеналиевага милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Биримкулов