КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлу №34
Күз-кыш мезгилине карата көмүр алуу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун айыл аймагындагы бюджеттик мекемелердин 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата көмүр алууга каралган акча каражаты жетпей жаткандыгы тууралуу. Себеби, көмүрдүн баасы көтөрүлүп кеткендиги жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 35-сессиясы токтом кылат:
1.Алты айдын жыйынтыгы менен колдонулбай калган акча каражатынын ичинен, көмүрдүн баасы көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу көмүр алууга кошумча 50 000 миң сом акча каражаты каралсын.
2.Кошумча бөлүнгөн акча каражатын которуп, тендерге берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Эсеналиевага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Биримкулов |