КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлу №36
Кара-Суу айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаты Асанова Нуркан Сүйүнтбековнанын Кара-Суу айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 35-сессиясы токтом кылат:
1.Кара-Суу айыл аймагын 2022-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасына толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Биримкулов |
Кара-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-июлундагы №36 токтомуна тиркеме |
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландоо программасын ишке
ашыруу боюнча иш-чаралардын планы
№ | Милдеттер | Чаралар/иш аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн жыйынтыктар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу үчүн каражаттардын булагы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Таштанды чыгаруу жана тазалыкты камсыздоону системасын уюштуруу
| ||||||
Абоненттер менен кызмат көрсөтүүчү ортосунда жана айыл өкмөт ортосунда таштандыны чыгаруу боюнча келишим түзүү | Келишим боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Май-декабрь 2023 | Социалдык тармактарды, чогулуштарда келишимди тааныштырылды жана түшүндүрүлдү. | МИ жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери | МП, АӨ | |
Келишимдин текстин, долбоорун даярдоо | Май | Келишим даяр. | Жумушчу топ, долбоор | МП, АӨ, келишимдерди чыгаруу айыл өкмөтүнүн эсебинен 5 миң сом | ||
Келишим түзүүнү уюштуруу | Июнь- декабрь | Айыл өкмөт жана МИнын кызматкерлери өз участокторунда абоненттер менен келишимдерди түзүштү. | МИ жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери | АӨ, МИ | ||
|
|
|
|
| ||
| Таштандыны системдүү чыгаруу ишин уюштуруу, камсыздоо | График түзүү; Техникаларды даярдоо; Таштандыны график боюнча чыгаруу; Бухгалтердик документтерди жөнгө салуу. |
Май- июль | Эл менен макулдашылган, ыңгайлуу график түзүлдү. Жумасына 1 жолудан чыгарылат. Таштанды чыгаруучу техника, прицеби менен даяр, керектүү ГСМ камдалган. | Айыл өкмөтү, МИ | МП, АӨ
|
| Тазалык эрежени бузгандарга эскертүү берүү, штраф салуу жагын кароо, ишке ашыруу үчүн административдик комиссияны түзүү жана ишин активдештирүү. | Админ.комиссияны түзүү | Август | Админ. комиссиянын тизмеси айыл өкмөтү тарабынан бекитилди жана чечим чыкты. | Айыл өкмөтү, АК | АӨ |
Админ.комиссияны окутуу | Август | Админ. Комиссия окутуудан өтүп баардык иштөө процедураларды билет | жумушчту топ, долбоор | долбоор, АӨ | ||
Эреже бузгандарга эскертүү жана штрафтарды салуу | Жыл бою | Официалдуу эскертүү жага штраф салынгандардын саны | Айыл өкмөтү, админ. Комиссия | Админ.комиссия, МИ | ||
Айыл ичинде дайыма мониторинг жүргүзүү | Жыл бою | Эреже бузгандарга эскертүү берилди жана штраф салында | Айыл өкмөтү, админ. Комиссия | Дем.топ, жумушчу топ, жарандар | ||
Соода түйүндөргө түшүндүрүү ишин жүргүзүү | Жыл бою | Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан баардык мекеме, соода түйүндөрдө урна коюлду. Кеминде 20 урна коюлат. | Айыл өкмөтү, админ. Комиссия, жумушчту топ |
| ||
| Мекеме, соода түйүндөрү, аялдамалардын алдыларына таштанды урналарын койдуруу. Жеке жактар өздөрүнүн эсебинен койот. | Алар менен МИ арасында таштандыны чыгаруу боюнча келишим түздүрүү | 2023-жылдын 2-3-4 кварталдары | Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан баардык мекеме, соода түйүндөрдө урна коюлду. Кеминде 20 урна коюлат. 10 аз камыз болгон үй-бүлөгө жан башына 10 сомдон субцидия бөлүү. |
МИ, айыл өкмөтү |
Жеке жактардын эсебинен коюлат, айыл өкмөтү, админ.комиссия көзөмөлдөйт. |
Соода түйүндөрдүн алдына урна койдуруу | ||||||
Социалдык мекемелердин алдына урналарды коюуга жергиликтүү бюджеттен каржы бөлүү жана койдураа. | ||||||
|
| |||||
| Аз камсыз болгон жарандарга айыл өкмөт субцидия берет. | Абаттоо эрежесине киргизүү | 2023-жылдын 1-кварталы | 10 аз камыз болгон үй-бүлөгө жан башына 10 сомдон субцидия бөлүү. Тарифти активдүү төлөө, таштандыны өртөбөө, стихиалуу таштанды ташталган жерлердин санын азайтуу, компост, биогумус жасагандардын санын көбөйтүү, жарандардын катышуусун жакшыртуу Таштандыларды сорттоп, саткандардын санын 10 пайызга чейин көбөйтүү жана кабыл алуучу 1 пункт ачылды. |
10 000 сом айыл өкмөтүнүн бюджети |
АӨ, АК |
Сессиядан карап каржы бөлүү | 2023-жылдын 3,4-кварталы | |||||
| Кабыл алынган эрежелерди аткаруу боюнча элге түшүндүрүү ишин байма бай жүргүзүү.
СНП планды ишке ашырууга каржы бөлүү.
| “Эски нерселерге жаңы жашоо бериңиз” темасында конкрус уюштуруу | 3-4- квартал, 2023-жыл | Тургундар өз каалоолору менен тазалык эрежелерин аткарышат. | ДТ, айыл өкмөтү, Имам
| Долбоор, АӨ 10 миң сом, жылына жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт, кошумча долбоорлордон спонсорлордон же бар каражаттарды колдонуу менен ишке ашат |
Мектепте “Тазалык - ден-соолуктун булагы” темасында тарбиялык сааттарды өткөрүү. | Жыл боюу | Окуучулар таштандын тул келди таштабай калышат. | ||||
Айылды таштандыдан арылтуу, экологияга аяр мамиле кылуу максатында таштандыдан биогумус жана компос ижасоо, кереги жок материалдан жана жүндөн экошопер жбларды тигүү, таштандыны сорттоп, киреше табуу жолдору боюнча "Мастер класска" өткөрүү | Жылына | Компост жана биогумус жасагандардын саны 50 пайызга көбөйдү. Көчө жээктери кыктардан тазаланды. | ||||
Компостоо боюнча видео роликтерди даярдоо жана жайылтуу | Жыл бою | |||||
«Айылдын тазалыгы ар-бирибиздин милдетибиз» темасында 9-10-11-класстар арасында тегерек стол уюштуруу | 4-квартал | Окуучулар таштандыны тул келди таштабай калышат. | ||||
КТК көмүү, өрттөөнүн зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, штраф салынаары тууралуу маалымат жайылтуу | Жыл сайын | Тургундар эрежени бузушпайт, аткарышат | ||||
“Тазалыкты сактайлы, айлыбызды барктайлы” аталышындагы жергиликтүү элдер жана окуучулар арасында дилбаян, ыр жазуу сынагын уюштуруу | Окуу учурунда, жылына | Окууучулар таштандыны туш келди ташташпайт жана таштандыны сорттошо башташат. | ||||
Таштандыны сорттоп чыгаруу боюнча конкурс уюштуруу. | Жылына | Таштандыны сорттоп чыгарган адамдардын саны көбөйдү, кеминде 5 пайыз. | ||||
|
| Коомчулук социалдык тармактарда КТКны түрүнө жараша бөлүштүрүү боюнча жана кабыл алуучу пунктар боюнча маалыматтарды таркатуу | 2023-жылдын 3-4-кварталы |
| ||
Таштандыны көп чогултуу боюнча марафон өткөрүү. Конкурс. | Жазгы, күзгү маал жыл сайын | Туш келди таштанды таштагандардын саны азайды. | ||||
“Атам апам үчөөбүз, тазалыкты сүйөбүз” темасында “Бермет апа” бала бакчасында үй-бүлөлүк сынак өткөрүү | Жыл ичинде | Ата-энелер | ||||
Чай кассаларда, шеринелерде,ооз ачарларда (ифтар) – таштандынын зыяндуулугу боюнча маалымат таратуу | Жыл бою жана орозо маалында | Жоопкерчиликтүү жарандар көбөйөт, активдүү келишим түзүшүп, тарифке төлөп башташат | ||||
“Тазалыкты сактоо ар бир мусулмандын милдети” аттуу баяндарды өткөрүү | Жыл бою, макулдашуу менен | Жума намазга баргандар башкаларды да тазалыкты сактоого чакырышат | ||||
| Тургундардын кабыл алынган эржелерди аткаруунун стимулдаштыруу | 1 жылга алдын ала төлөгөндөргө скидка берүү | Жыл сайын | Өз ыктыяры менен таштанды чыгарууга алдын ала 1 жылга тариф төлөгөндөрдүн саны көбөйдү. | ЖТ, айыл өкмөтү, муниципалдык ишкана | Муниципалдык ишкана |
|
|
|
|
|
|
|
Ар кандай зордук зомбулуктун алдын алуу | ||||||
| Зордук зомбулуктун ар кандай формаларын жоюу, алдын алуу. | “Атам-апам жана мен” аталышында ата-эне менен балдардын ортосунда байланышты жана бири-бирин түшүнүүнү жакшыртуу үчүн спорттук эстафета оюнун өткөрүү. | Жыл сайын | Үй-бүлөдө айланыш, мамиле, коммуникация пайда болот. | КПНС, депутат айымдар, соц. адис, мектеп администрацияы, мугалимдер
| Долбоор, а/ө жылына 10 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. Калганы долбоор жана спонсорлордун колдоосу аркылуу ишке ашат |
“Эрте никеге туруу- ден соолукка зыян” аталышында конференция/дискуссия өтүү.
| Жыл сайын окуу учурунда | Эрте никеге туруунун зыяндуулугун түшүнүп жаш үйлөнгөндөрдүн, тийгендердин саны азаят | ||||
“Апам жана мен” аталышында кыз менен апасынын ортосунда байланыштуу, өз ара түшүнүшүүнү жакшыртуу максатында конкурс өткөрүү (кол өнөрчүлүк, ыр, бий, көркөм окуу). | Жыл ичинде | Өз ара түшүнүшүү күчөйт, конфлик, стресс азаят. Кыздар өздөрүнүн көйгөйлөрү, кыялы, муктаждыктары боюнча эркин сүйлөшө алат. | ||||
Үй-бүлөлүү зомбулукту, суидцидти алдын алууга багытталган ата-эне менен баланын бири-бирин түшүнүшүүгө түрткү берген семинар өткөрүү. | Жылына | Үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирин жакшы түшүнө жана биле башташат. | ||||
Балдарга туура тарбия берүү, окуучулардын сабакка болгон көңүлүн жакшыртуу максатында “Энелер- мектебин” киргизүү жана семинарларды өткөрүү | Жылына | Окуучулардын сабакка жетишүүсү жакшырат, үй-бүлөдөгү мамиледе бири-бирин түшүнүү колдоо, сүйлөшүү практикасы жайылат | ||||
| Балдарга туура тарбия берүү практикасын жайылтуу | Бала тарбиялоо боюнча китеп сынактарын өткөрүү, семинар өтүү | Жыл сайын | Үлгүлүү үй-бүлөлөр көбөйөт, зомбулук азаят. Бала тарбиялоо боюнча китеп окугандар көбөйөт. | Айыл өкмөтү, китепканачы, КПНС, мектеп администрациясы | 5 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт калган бөлүгү демөөрчүлөрдөн топтолот. |
| Коомдук дарыкана ачуу | А/ө жеке менчик дарыканалар менен сүйлөшүү жүргүзүү | 2023-жылдын 3-4- кварталы | Адамдар оорууларын басууга тез дары ала алышат | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү, АРИС |