Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 11-августу №39

Электр көмөк чордонун орнотуу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө

    Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун Кара-Суу айыл аймагында курулуп жаткан Забира апа атындагы бала бакчага электр көмөк чордонун орнотуу үчүн Талас райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектелүүчү иш кагаздарды алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы токтом кылат:

 

1.Кара-Суу айыл аймагынын Ш.Токтогазиев көчөсүндөгү курулуп жаткан бала бакчанын түштүк батыш тарабынан электр чордонун (трансформатордук подстанция) орнотуу үчүн 8м2 жер участогу бөлүнүп берилсин.

2.Талас райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектүү иш кагаздарын алуу жагы жер, турак жай, коммуналдык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис М.Эсеналиевге милдеттендирилсин.

3.Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Биримкулов