КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 11-августу №40
Республикалык бюджеттен жер салыгын компенсациялоо үчүн берилген акча каражаты жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун Кара-Суу айыл аймагында курулуп жаткан Забира апа атындагы бала бакчанын иш кагаздарын бүтүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы токтом кылат:
1.Республикалык бюджеттен жер салыгын компенсациялоо үчүн берилген 180 500 (бир жүз сексен миң беш жүз миң) сом акча каражаты киреше бөлүгүнүн планына отургузулсун.
2.Кара-Суу айыл аймагынын Ш.Токтогазиев көчөсүндөгү курулуп жаткан Забира апа бала бакчанын иш кагаздарын бүтүрүү үчүн аппараттын башкаруу бөлүмүндөгү эсебинен 180 500 (бир жүз сексен миң беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Эсеналиева бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
4.Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Биримкулов |