КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 11-августу №42
“Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жеке ишкер Рыскулов Думан Болотбекович Кара-Суу айыл аймагындагы аз камсыз жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү колдоп, айыл жаштарына спорт оюндарына демөөрчүлүк кылып, айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алып, Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши VIII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы токтом кылат:
Талас районундагы, Кара-Суу айылынын тургуну Рыскулов Думан Болотбековичке Талас районунун Кара-Суу айылынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн “Кара-Суу айылынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
Төрага | Р.Биримкулов |