Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы

2023-жылдын 31-марты № 16/5

Кашка-Суу ЖПБсынын төрагасы А. Курбанбаевдин 2023-жылга карата бюджетинин долбоорун жана 2023-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө

Кашка-Суу ЖПБсынын төрагасы А. Курбанбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы токтом кылат;

 

1.  Кашка-Суу ЖПБсынын төрагасы А. Курбанбаевдин 2023-жылга карата бюджетинин долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Кашка-Суу ЖПБсынын төрагасы А. Курбанбаевдин 2023-жылга түзүлгөн иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.  Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-suu.jalal-abad.kq” сайтына жарыялансын.

4.  Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

5.  Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мамадалы уулуна жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Кулетов.

 

Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII

чакырылышынын кезектеги он алтынчы

сессиясынын 2023-жылдын 31-мартындагы

№ 16/5 токтому менен бекитилген.

 

2023-жылга Аксы районунун Кашка-Суу Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин

жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык  долбоору

 

 

Жалпы жылдык киреше бөлүгү

 

Бодо малдар 3152 баш*50 сом =157600,00

Жылкы 1410 баш*60 сом =84600,00

Кой-эчки 11050*10 сом =110500,00

Кызмат көрсөтүүдөн =150000,00

Жалпысы: 502700,00 сом

 

Жалпы жылдык чыгаша бөлүгү

 

Эмгек акыга-120000,00

Соц фонд 17,25% - 20700,00

Концелярдык чыгым- 4600,00

Иш сапар чыгымы- 20200,00

Күйүүчү май- 20000,00

Техникаларды ремонттоо-14000,00

Жайыттарды калыбына келтирүүгө-126696,00

Түшкөн салыктан 3,1% айыл өкмөтүнө-73504,00

Жайыттарды эрозиядан сактоо максатында көп жылдык чөптүн уругун себүүгө-100000,00

Кыргыз жайытынын взносуна-1000,00

Союз ЖПБ взносуна-2000,00

Жалпысы: 502700,00 сом

 

Кашка-Суу

айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы

 

 

У. Керимкулов.

 

Тиркеме №2

Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII

чакырылышынын кезектеги он алтынчы

сессиясынын 2023-жылдын 31-мартындагы

№ 16/5 токтому менен бекитилген.

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды оңдоо боюнча

жылдык иш-планынын долбоору.

 

Кашка-Суу айылынын Тогорок-Сай жайына баруучу жолдорду оңдоого-15000,00 сом

Кара-Төбө, Сөгөт жана Кашка-Суу жайыттарына жасалма мөңгү курууга- 14600,00 сом

Туюк-Жар айылынын Баткак, Арпа-Төктү жайытына баруучу жолдорду оңдоого- 53996,00 сом

Тосту айылынын Сары-Таш жайытындагы жол жана кечүүлөрдү оңдоого-13500,00 сом

Өлөн-Булак айылынын Беш-Кол, Көл жайыттарындагы жол жана кечүүлөрдү оңдоого-12000,00 с

Ар кандай иштерге (жаратылыш кырсыктарынан)- 17600,00 сом

Жайыттарды эрозиядан сактоо максатында көп жылдык чөптүн уругун себүүгө-100000,00 сом

 

Кашка-Суу

айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы

 

 

У. Керимкулов.