Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

2023-жылдын 27-сентябры № 19/1

Айылдардан келген кайрылууларда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ №350 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 28-июлунда №20-12 протоколунун 5-пунктун аткаруу максатында 2023-жылдын 21-августунда №250-б буйругу менен түзүлгөн комиссиясынын 2023-жылдын 21-сентябрындагы отурумунун №1 ПРОТОКОЛУН кароо жөнүндө

  Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын 2023-жылдын 22-сентябрындагы кириш № 10 сандуу кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ №350 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 28-июлунда №20-12 протоколунун 5-пунктун аткаруу максатында 2023-жылдын 21-августунда №250-б буйругу менен түзүлгөн комиссиясынын 2023-жылдын 21-сентябрындагы отурумунун №1 ПРОТОКОЛУН кароожөнүндө Кашка-Суу айылдык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абдраимов Асандын, Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы А. С. Кулетовдун жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Камчыбек уулунун жана Айыл тургундарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;

 

1. Айылдардан келген кайрылууларда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ №350 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин-Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 28- июлунда №20-12 протоколунун 5-пунктун аткаруу максатында 2023-жылдын 21-августунда №250-б буйругу менен түзүлгөн комиссиясынын 2023-жылдын 21-сентябрындагы №1 протоколунун отурумунун чечими туура эмес бир тараптуу жана географиялык абалы жана элдин пикири эске алынбай калгандыктан артка кайтарылсын.

 

2. Айылдардан келген кайрылууларда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ №350 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023- жылдын 28-июлунда №20-12 протоколунун 5-пунктун аткаруу максатында 2023-жылдын 21- августунда №250-б буйругу менен түзүлгөн комиссиясынын 2023-жылдын 21- сентябрындагы №1 протоколунун отурумунун чечими кайра каралып, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн географиялык абалы, шарты жана элдин пикири эске алынып, мурдагыдай болуп Кашка-Суу айыл өкмөтү боюнча калтырылсын.

 

3. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-suu.jalal-abad.kq” сайтына жарыялансын.

 

4. Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

 

5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; А.. Абдраимовго тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Кулетов.