Редакцияот 25.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы

2022-жылдын 25-апрели №112

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын куруу үчүн жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө

   Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы №67, 2009-жылдын 26-январындагы №29-,2009-жылдын 11-мартындагы №79-мыйзамынын редакциясына ылайык,КРнын жер кодексинин 13-беренесине ылайык, Баткен Райронунун мамлекеттик адмнистрациясынын 22.04.2022-жылдагы №17т сандуу буйругун ишке ашыруу, чек ара кызматкерлерине шарт түзүү жана чек араны бекемдөө максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы токтом кылат:

 

1.   Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасындагы 1,0га жер аянтына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын курууга макулдук берилсин.

 

2.  Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Талиев