Редакцияот 25.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы

2022-жылдын 25-апрели №116

Кыргыз Республикасынын Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 26-мартындагы №01-11/30 сандуу чыгыш катын кароо жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 жарлыгын турмушка ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 26-мартындагы №10-11/30 сандуу чыгыш катын карап, талкуулап чыгып Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы токтом кылат:

 

 

1.   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 жарлыгын турмушка ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 26-мартындагы №01-11/30 сандуу чыгыш каты аткарууга алынсын.

 

2.   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

Айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Талиев