Редакцияот 09.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы

2022-жылдын 9-августу №117

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылына социалдык объектилерди курууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-18 беренесине ылайык, Көк-Таш айылынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы 1350м2 жер аянтына “Асанабил”кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен социалдык объектилерди курууга макулдук берилсин.

 

2.  Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары:

 

Каракашов И.