Редакцияот 09.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы

2022-жылдын 9-августу №120

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Кара участкасындагы 0,50га, СМУ участкасындагы 0,30га жер тилкелерин аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин талаптарына ылайык Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы Кара участкасынан 0,50га жер аянты, СМУ участкасынан 0,30га жер аянтына кичи ишканаларды куруу максатында аукцион аркылуу сатууга айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XXVI-сессиясы токтом кылат:

 

1.  Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы Кара участкасынан №900 контурундагы 0,50га жер аянтына, СМУ участкасынан № 181-контурундагы 0,30га жер аянтына кичи ишканаларды куруу максатында аукцион аркылуу сатыкка коюуга макулдук берилсин.

 

2.  Аталган жер тилкесин тийштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабирвго милдеттендирилсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары:

 

Каракашов И.