Редакцияот 09.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы

2022-жылдын 9-августу №122

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай участкасынан 5,0 га, Керме-Тоо участкасынан 5,0 га жер аянтына Мамлекеттик ипотекалык компания турак-үй салуу үчүн жер берүү жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай участкасынан 5,0га, Керме-Тоо участкасынан 5,0га жер аянтына бөлүп берүү үчүн Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык кеңешинин Vчакырылышынын кезектегиXXVI сессиясытоктом кылат:

 

1.  Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Капчыгай айылындагы АЖМФнун эсебиндеги №51-контурундагы 1,0га жер тилкесине социалдык объктилерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2.  Ушултоктомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары:

 

Каракашов И.