Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

 

2023-жылдын 2-октябры № 2

Жер тилкесин бөлүштүрүү жөнүндө

 

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин  VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы, айыл элинин жер участокторго муктаж болуп, кайрылуулар көп болуп жатакандыгына байланыштуу кайрылууларын карап талкуулап токтом кылат:

 

1. Кең-Арал айылынын тургундарынын жер участоктору боюнча суроо талаптары көп болуп, азыркы учурда участокко бөлүнгөн жер тартыш болгондуктан, жер участок боюнча арыз менен кайрылган тургундарга Кең-Арал айылында жашап жаткан ата-энесинин, бир туугандарынын жана туугандарынын участоктору текшерилип, ашык жер тактала турган болсо, ошол жерден 0,08га жер тилкеси болүнүп берилсин. 

 

2. Токтомдун талаптарын аткаруу  жагы айыл өкмөтүнүнүн башчысы Ч.Алымкуловго милдетендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага:

Б. Токонов