ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
2023-жылдын 4-октябры № 59
Жер тилкесин жеке менчике берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Октябрь айылдык кеӊеш Октябрь айыл аймагынын Отуз-Уул айылынын тургуну Кенжебаев Мирлан Джеӊишбекович № 161 контурундагы 0,07га жер тилкесин мал сарай үйү менен салууга жеке менчике чыгарып берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Октябрь айылдык кеӊеш токтом кылат:
1.Октябрь айыл аймагынын Отуз-Уул айылынын тургуну Кенжебаев Мирлан Джеӊишбековичке № 161 контурундагы 0,07 га жер тилкесинмал сарай үйү менен салууга макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т Иманалиев |