ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
2023-жылдын 4-октябры № 62
Жер тилкесин жеке менчике берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Октябрь айылдык кеӊеш Октябрь айыл аймагынын Жолколот айылынын тургундары Токтогул көчөсүнүн аягында жайгашкан жер тилкесин балдар ойноочу аянтча кылууга арызын карап, таанышып чыгып Октябрь айылдык кеӊеш токтом кылат:
1.Октябрь айыл аймагынын Жолколот айылынын тургуну Токтогул көчөсүнүн аягында жайгашкан жер тилкесин балдар ойноочу аянтча кылууга макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т Иманалиев |