ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясы
2023-жылдын 20-июлу № 27
Жекенди айыл өкмөтүндө органикалык аймак түзүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айыл өкмөтүндө Органикалык айыл чарбасынын жана жараатылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу, жашоочуларына экологиялык таза азыктар менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн органикалык азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Жекенди органикалык аймагы болуп түзүлсүн.
2.Органикалык аймакта органикалык айыл чарба технологияларын жайылтуу, биопрепраттарды, энтомофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо, сатуу стандарттары жана сертификатоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандыруу үчүн инвестиция тартууга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинен суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер маселелери боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Абдукалилов |