Редакцияот 20.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясы

2023-жылдын 20-июлу № 32

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу участкасындагы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга уруксат берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 16.05.2023-жылдагы № 01-19/210 сунуш катын угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу участкасындагы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2.Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер маселелери боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.

 

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, кенештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сагынбек Халиловго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов